БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин жаркын элесине арнап зараң багын тигет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон.
Маалыматка ылайык, мэриянын жана жарандардын демилгеси менен 18 даана зараң багы Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеге скверге отургузулат.
Бишкек мэри Албек Ибраимов бул сунушту колдоп, шаардын тийиштүү кызматтарына бак отургузуу үчүн атайын жер бөлүп берүүнү тапшырган болчу.
Зараң багы 22-октябрда отургузулат. Ага кеткен бардык чыгымды мэрия өзүнө алган. Демилгелүү топ эстелик ташын орнотот. Иш-чарага каза болгон кыз-келиндердин туугандарын алып келүү үчүн да каражат топтолгон.