Атамбаев Казаковду маданият министри кызматына бекитти

© Sputnikwikimedia.org сайтынан алынган кадр Түгөлбай Казаков. Архив
wikimedia.org сайтынан алынган кадр Түгөлбай Казаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент Казаковдун талапкерлигин жактырып, ал эми президент Атамбаев аны министрлик кызматка бекитти.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалып, тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин парламент Казаковдун талапкерлигин жактырган болчу. Ага чейинки министр Алтынбек Максутов өз калоосу менен кызматтан кеткен.

Түгөлбай Казаков — композитор, публицист, ошондой эле КРнын эл артисти. КТРК да "Улутман" телеберүүсүнүн алып баруучусу жана редакторлук кызматтарда иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0