Кыргызстандык жаш балбан 69 килограммдык категорияда беттешкен.
БИШКЕК, 15–сен. — Sputnik. Тбилисиде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында 16 жаштагы Акжол Махмудов алтын медалды багындырды. Бул тууралуу Бириккен дүйнөлүк күрөштүн расмий сайтында кабарланды.
Кыргызстандык жаш балбан 69 килограммдык категорияда чыккан.
1/8 финалдык күрөштө Махмудов армениялык балбанды жеңип, ал эми чейрек финалда япониялык спорчуну утуп алган. Жарым финалдык күрөштө белоруссиялык балбанды тизелетсе, финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен беттешип, 5:3 эсебинде жеңип алды.
Грек-рим күрөшү боюнча турнир 14-сентябрда Тбилиси (Грузия) шаарында башталып, 18-сентябрдаи жыйынтыкталат.