БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Сентябрда жаратылыш газынын бир куб метрин карапайым калк 14,43 сомдон сатып алса, өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,69 сом болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган нарк бардык салыктардын түрүн кошкондон кийинки баа болуп саналат.
Эскерте кетсек, августта газдын 1 куб метрге болгон баасы эл үчүн 14 сом 27 тыйын, ал эми ишканалар үчүн 17 сом 51 тыйынды түзгөн.
Газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат. 1-сентябрга карата бир доллардын наркы 68,89 сомго бааланган.