БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Казакстандык балбандар Көчмөндөр оюнунун алкагындагы казак күрөш боюнча мелдеште алтын медалдын дээрлик баарын алышты.
Финалдык беттешүүлөр кечээ, 4-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоочу комплексте өттү. Ага 17 мамлекеттен келген 58 спортчу катышты. 20 медаль ойнотулуп, анын бешөө — алтын, бешөө — күмүш жана эки үчүнчү орун үчүн бештен коло медаль болду.
Кыргызстандык балбандар эки күмүш, эки коло медаль алышты.
Жыйынтык:
60 кг чейин:
- 1-орун – Талгат Шегенов (Казакстан)
- 2-орун — Айдин Мухтаров (Кыргызстан)
- 3-орун – Отгон Чинбат (Монголия)
- 3-орун – Батыр Гурбанязов (Түркмөнстан)
70 кг чейин:
- 1-орун – Адилет Сейлханов (Казакстан)
- 2-орун — Мирлан Эралиев (Кыргызстан)
- 3-орун — Ильяс Момунов (Түркмөнстан)
- 3-орун — Эмиль Хасанов (Азербайжан)
80 кг чейин:
- 1-орун – Даулет Пахриденов (Казакстан)
- 2-орун – Байрамов Вугар (Азербайжан)
- 3-орун – Хамроз Рачабов (Тажикстан)
- 3-орун – Шатман уулу Эсенбек (Кыргызстан)
90 кг чейин:
- 1-орун – Сунгат Закарияев (Казакстан)
- 2-орун – Бахтияр Аббасов (Азербайжан)
- 3-орун – Сердар Жоракулыев Сердар (Түркмөнстан)
- 3-орун – Мирбек Бекжанов (Кыргызстан)
90 кг жогору:
- 1-орун – Рустэм Арсланов (Россия)
- 2-орун – Еламан Ергалиев (Казакстан)
- 3-орун – Анар Дорж (Монголия)
- 3-орун – Камран Ростами (Иран)
Чолпон-Атада 3-8-сентябрь күндөрү 54 өлкөдөн келген спортчулардын катышуусунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Программага улуттук спорттун 26 түрү кирген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Оюндардын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.