Аталган эл аралык көчмөндөр оюндарына 62 өлкөдөн миңдеген спортчулар жана дүйнөнүн төрт бурчунан кадырлуу коноктор келишти. Иш-чара спортчулардын параддан өтүүсү менен башталып, театрлаштырылган концерт менен коштолду.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында 6 миңден ашуун күч органдарынын кызматкерлери коопсуздукту коргоду

Ачылыш аземдин алдындагы даярдык

Көчмөндөр оюндарын жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген 500гө чукул журналист чагылдырмакчы

Ар бир кесиптин оош-кыйышы бар. Жумушун сүйгөн оператор кыз

Бириккен Араб Эмиратынан келген кадырлуу коноктор

Тал чыбыктай ийилген бийчилер

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Рыскелди Осмонкулов көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында

Театрлаштырылган концерттик программа

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында тарыхка өзгөчө басым жасалды

Сахналаштырылган концерттик программага 6 миңден ашуун артист катышты

Карысы бардын ырысы бар. Акылын айтып турган аксакал

Кыргыздын улуттук кийимдери артисттердин көркүн ачып турду

Тактыда отурган кыргыз ханы жана жол көрсөтчү кеңешчиси

Түркмөндөрдүн асыл тукум аттары менен "Галкыныш" жана "Түркмөн жигиттери" каскедорлор тобу

Түркмөн аты асман чапчып бийлегени менен көпчүлүктүн эсинде калды

5 мерчемдүү көрүнүштүн жана 100 жарык бергичтин жардамы менен көз тайгылткан өзгөчө бир сонун эмгектер пайда болду

Өлгөндөн калган туякты душмандан калкалап бооруна каткан эне

Жалынга чулганган чабандестер жана ооздугун кемире чайнап, алкынган аргымактар

Кыргыз бийчилери

Ардактуу конок, атактуу актер жана режиссер Стивен Сигал баатырдык зоот кийип чыгып Көчмөндөр оюндарынын парадын ачты

Көчмөндөр оюндарынын кадырлуу коноктору. Байыркы көчмөн духту эске салган калктын бири

Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү параддан өтүштү

Парадды эң акыркы болуп Кыргызстандыктар жыйынтыктады. Кирип келе жаткандарды 10 миңдеген эл ордунан тура кол чаап, тосуп алды

Президент Алмазбек Атамбаев II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий түрдө ачык деп жарыялады

Ачылыш аземи көз жоосун алган салют менен аяктады
