БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу Олий Мажлистин Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевге жана өзбек элине көңүл айтты.
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салган.
Телеграммада Өзбекстан президенти, өлкөнүн көп жылдар бою таанылган лидери Ислам Каримовдун дүйнө салгандыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алгандыгы айтылган.
Спикер Каримовдун ишмердүүлүгү учурунда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өнүккөн деген баасын берген.
"Өзүмдүн жана Жогорку Кеңештин атынан өзбек элине жана Ислам Абдуганиевичтин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп айтылат телеграммада.
Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-сентярь күнү Самарканд шаарында болот.