Ал Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген. Акыркы жолу 2015-жылы кайрадан президент болуп шайланган.
Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кичи мекени Самарканд шаарында 3-сентябрь күнү болот. Иш-чараны уюштуруу комитетин Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев жетектейт.
Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күн аза күтүү болот.

Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримов

Армения менен Өзбекстан президенттери Левон Тер-Петросян жана Ислам Каримов (солдон оңго). 1991-жылдын 21-декабры

Өзбекстандык өспүрүмдөр президентикке 3-ирет катышып жаткан президент Ислам Каримовдун плакатынын жанынан өтүп бара жатат. Шайлоого ар бир мөөнөт сайын бара берүүгө негизи Баш мыйзам тыюу салат. Ташкент. 2007-жылдын 7-декабры

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президенттик жарышта шайлоо тилкелеринин биринде

Россиянын президенти Борис Ельцин (оңдо) жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов (солдо). 1992-жылдын 1-майы

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын президенттери (солдон оңго) Аскар Акаев, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Эмомали Рахмонов. Алар Борбор азиялык аймактын мамлекет башчыларынын кызматташуусунун келечегин жана Афганистандагы абалды талкуулаган жыйындан кийин. 2002-жылдын 6-июну

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев (солдон оңго) Шанхай Кызматташуу Уюмунун беш жылдыгына карата "Сицзяо" мамлекеттик резиденциясында бак отургузуп жатат.

Франциянын президенти Жак Ширак Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен түшкү тамак учурунда. Ал Италиянын президенти тарабынан ЕБдин саммитинде Флоренцияда уюштурулган. 1996–жылдын 21-июну

Испания премьер-министри Хосе Мария Аснар жубайы экөө Өзбекстан президентинин жолдошу Татьяна Каримова менен учурашып жатат. Мардидде Испания Королевасынын атынан берилген сый тамак учурунда. 2003-жылдын 27-январы

Россиянын президенти Дмитрий Медведев менен Өзбекстан президенти Ислам Каримов (оңдон солго) Самарканддагы чыгыш базарына аралаганда. 2009-жылдын 22-январы

Өзбекстан президенти Ислам Каримов Россия президенти Владимир Путин менен документке кол коюу учурунан кийин бокал кагышып жаткан учуру. Ташкенттеги президенттик резиденция. 2004-жылдын 16-июну

Россия лидери Владимир Путин, Беларуссия башчысы Александр Лукашенко жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов Душанбедеги мурдагы советтик өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусунда. Душанбе 2007-жылдын 6-октябры

Өзбекстан президенти Ислам Каримов россиялык теннисчилер Евгений Кафельников жана Марат Сафин менен Ташкентте президенттик кубоктун жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда. 2001-жылдын сентябры

Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев жана Өзбекстан президенти Ислам Каримов Ташкентке жасалган иш сапар учурунда Ардак Кароолдун жанынан өтүп бара жатышат. 2006-жылдын 3-октябры

Өзбекстан президенти Ислам Каримов, Кытай лидери Ху Цзиньтао, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Россия президенти Дмитрий Медведев , Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов (солдо) жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин сүрөткө түшүү аземи алдында. Иш-чара уюмдун түптөлгүндүгүнүн 15 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кремль дубалдарындагы Белгисиз жоокердин жайына гүлчамбар коюу учурунда. 2015-жылдын 14-ноябры

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов
