Каримов Ислам Абдуганиевич. Өмүр баяны

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун "инженер-механик" адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 1967-жылы Ташкент эл чарба институтун бүтүрүп, экономист адистигин алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

  • 1960 — "Ташсельмаш" заводунун жумушчусу;
  • 1961-1966 — В. П. Чкалов атындагы Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесинде инженер, конструктор;
  • 1966 — Өзбек ССРнин Мамлекеттик планына ишке кирип, катардагы кызматкерден жетекчиликке чейин жеткен;
  • 1983 — Өзбек ССРнин каржы минисри;
  • 1983-1989 — Кашка-Дарыя обкомунун биринчи катчысы;
  • 1989 — Өзбекстандын Компартиясынын биринчи катчысы;
  • 1990-жылдын 24-мартында Өзбекстандын президенти болуп шайланган;
  • 1991-1995-2000-2007-2015-жылдары Өзбекстандын президенти болуп шайланып келген. 

Бир канча мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0