БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москвада өрттөн каза болгондордун жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 27-август күнү Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, Кыргызстандын 14 кыз-келининин өмүрүн алып кетти. Жабыркаган дагы үч адам учурда оор абалда ооруканада жатат.
Төрага парламенттин аппаратына маркумдардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүнү тапшырып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү талкуулады.
Бул кыргызстандыктар Москвадагы өрттөн каза болгон биринчи учуру эмес. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Стромынка көчөсүндө жайгашкан өнөр жай ишканасы өрттөнүп, чатыры түшүп кеткен. Кырсыктан 12 адам каза болгон, анын сегизи — кыргызстандык, экөө Кыргызстанда төрөлгөн жана экөө Өзбекстандын жараны экени маалымдалган.