БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта, Москва шаарында өрттөн каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Эскерте кетсек, кечээ, 27-август күнү Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, андан Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Жабыркаган дагы үч киши оор абалда ооруканада жатат.
Көз жумгандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жумшалуучу чыгымдын баарын кыргыз өкмөтү өзүнүн мойнуна алары белгилүү болду. Бүгүн вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева башында турган топ каза болгондордун жакындарына жана туугандарына жардам берүү үчүн Москвага учуп кетет.