БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ишембиде өлкө боюнча күн ачык болуп, күндүн табы 35 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 32…34 градус ысык болсо, Ошто түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градуска көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.