БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Москва шаарынын түндүк чыгышындагы курулуштарда иштеп жаткан 500дөн ашуун мигрант текшерүүгө алынды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын миграция кызматына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, текшерүүгө алынган 500 мигранттын 30дан ашуунунун документи жок болуп чыккан. Аталган жарандар ИИМге өткөрүлүп берилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча аталган мигранттардын катарында Кыргызстандын жарандары да бар.