БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт "Редингхаузен” клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оюнчу Германиянын "Energie Cottbus" клубу менен түзгөн келишимин бузган. Буга футболчунун жеке жагдайлары себеп болгону айтылган.
Бернхардтын жаңы кирген клубу Түндүк Регионалдык Лигасында чыгат.
"Эдгар — тажрыйбалуу, ишенимдүү оюнчу. Ал жаңы сезондо биздин командада ойной турганына абдан кубанычтабыз", — деп клубдун өкүлү билдирди.
30-августта Бишкекте Кыргызстан менен Казакстан ортосунда жолдоштук беттеш өтмөкчү.