БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 10 кечилден жана инспекторлордон турган топ Кытайдагы Утайшань аттуу ыйык тоо деп аталган тоону текшерип, анда өзүн кечилмин деп атаган 600 алдамчынын бетин ачты. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине таянып маалымат берди.
Инспектордук топ быйылкы жылдын март айында түзүлүп, алар атайын белги коюлган бейжиктерди тагынып, капыстан текшерүү жасашат.
Топтун айтымында, алар чыныгы кечилдерди жүзүнөн эле таанышат, ал эми тааныш эместеринен ким экендигин тастыктаган документтерин сурайт. Эгерде "будда сертификаты" жок болуп чыкса, инспекторлор алардын динчил кылып көрсөткөн кийимин сыйрып кетип, окуя туурасында полицияга билдирет.
Учурда текшерүүчүлөр 600 жасалма кечилди таап чыгып, жарым миңге жакын кечил кийимдерин конфискациялаган.