00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Темир Сариев: Баш мыйзамды өзгөртүүдөн мурда конституциялык кеңешме куруу зарыл

Жазылуу
Мурунку премьер-министр Темир Сариев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз пикирин билдирди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн конституциялык кеңешме түзүү керек. Бул тууралуу мурунку өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. 

Анын айтымында, референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам чегинде болушу зарыл.

"Мен учурдагы кырдаалга тыкыр көз салып турам. Жаңы өзгөртүүлөрдү кай бири колдосо, башкасы каршы чыгып жатат. Анткен менен ар бир маанилүү пикирди көз жаздымда калтырбоо керек", — деди Сариев. 

Ал Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн мурда төмөнкү талаптар аткарылышы керек деген ойдо. 

  • Коомдук талкуу үчүн бөлүнгөн 30 күн аздык кылат. Бул аралыкта баш мыйзамды талкуулап бүтүү мүмкүн эмес.
  • Эгерде бул коомдук талкуу болсо элдин пикирин ким чогултат? Бул ишти бийликтеги партиялар жасай турган болсо, бир тараптуу болбойт деп эч ким айта албайт. 
  • Конституциялык кеңешме куруу зарыл. Ал кеңешмеге бир гана бийлик эмес, оппозиция өкүлдөрү, карапайым калк жана укук тануучулар кириши зарыл. 
  • Коомдо Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча кайчы пикирлер арбын. Андыктан калыстык менен гана элдин оюн угуу зарыл.

Эске сала кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0