БИШКЕК, 9-авг. – Sputnik. Португалиянын билим берүү министри Тиаго Брандао Родригести Рио-де-Жанейро шаарынын көчөсүнөн тоноп кетишти деп жазды РИА Новости испаниялык ABC басылмасына шилтеме кылып.
Анткен менен тартип коргоо органдары менен жергиликтүү эл каракчыларды дароо эле кармашкан. Министр Рио-де-Жанейрого португалиялык делегациянын курамы менен келген. Кол салган киши ага көчөдөн жакындап келип, бычак такап, капчыгы менен чөнтөк телефонун талап кылган. Коркуп кеткен министр сурагандарын беркиге кармата салган.
Анткен менен ичи арам алыс узап кете алган жок, жергиликтүү жашоочулар бейбашты кармап алып, дароо полиция чакырган.
"Анын колунда бычак бар эле, окуя көз ачып жумганча болуп кетти. Биздин буюмдарыбызды тартып алууга ниеттенип, аны байкап калган башкалар тегеректеп келип, кармап калышты", — деп айтып берген министр.
Аткаминер Рио шаарында төрт күндөн бери эч кандай кооптуулугу жок, жайбаракат жүргөнүн айткан.
Брандао Родригес алгач коркуп кеткендигин, бирок тартип коргоо органдарынын ыкчам кыймылына ыраазы болгонун айтты.