БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда 7-август күнү көп кабаттуу үйдүн терезесинин текчесине отуруп алган бала куткарылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Окуя 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
"Беш жаштагы 9-кабаттагы батирдин терезесинин текчесине отуруп алган. Куткаруучулар үйдүн чатырынан түшүп, баланы ата-энесине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Учурда баланын акыбалы жакшы.