БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ишембиде өлкө боюнча күн ачын боло турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында да күн ачык болуп, абанын температурасы 33 градуска чейин ысыйт.
Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.