БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ташкент — Балыкчы шаарларын байлныштырган темир жол каттамын ишке киргизүү сүйлөшүлүп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызтемиржолу" ишканасы билдирди.
Буга чейин Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары 16-августтан тартып Ташкент — Балыкчы боюнча темир жол каттамы ачыла тургандыгын жазып чыгышкан.
"Кыргызтемиржолу" ишканасы бул маалымат чындыкка дал келбестигин белгиледи.
"Учурда маселе так чечиле элек. Келечекте каттам ачуу сүйлөшүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ишкана Казакстан менен да темир жол каттамдарын ачуу сүйлөшүлүп жатканын кошумчалады.