БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россиялык туристтин машинасынын терезесин талкалаган бала кечирим сурады. Бул тууралуу автоунаанын ээси Константин Стасенко Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн ишемби күнү Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) шаарындагы борбордук базардын автоунаа коюучу жайында иштеген бала айдоочуга жогорулатылып айтылган 50 сомду төлөбөй койгону үчүн автоунаасынын арткы терезесин талкалап салганы айтылган.
"Ишти чечип алдык, эч кандай дооматыбыз жок. Бала күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурады. Анын туугандары келтирилген чыгымды төлөп берет", — деди Стасенко.
Константин үй бүлөсү менен Чолпон-Ата ШИИБдин кызматкерлери менен шаардык прокуратурага ыкчам жана так иштегени үчүн ыраазычылык билдирип, бел окуяга карабастан россиялык туристтер Кыргызстанды жактырышканын баса белгиледи.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгы тараптардын жарашканын тактап, эч кимдин таарынычы жана доосу жок экенин кошумчалады.