БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына спорттун дагы беш түрү кошулат.
Ага ылайык, спортчулар бейсбол, серфинг, аскага чыгуу, карате жана скейтбординг боюнча күч сынашат.
"Спорттун дагы беш түрү кошулушу менен Токиодогу Олимпиада тарыхта эң кызыктуу болуп калышы мүмкүн", — деди төрт жылдан кийинки Олимпиаданын уюштуруучу комитетинин кызматкери Йоширо Мори.
Эскерте кетсек, төрт жылда бир жолу болуучу жайкы Олимпиада быйыл Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт.