БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев милдеттү камсыздандыруунун мөөнөтүн узарткан мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, автотранспорт ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу 2019-жылдын 7-февралына чейин узартылат.
Эске сала кетсек, буга чейинки мыйзам боюнча милдеттүү камсыздандыруу үстүбүздөгү жылдын 7-февралынан тартып иштөөсү керек эле. Коомчулуктун терс пикиринен улам Жогорку Кеңеш 30-июнда камсыздандыруунун мөөнөтүн узартуу чечимине келген.