БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов шаарлар арасындагы трассада велосипед тээп жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөгөнүн өзү Instagram баракчасында билдирди.
"Мыйзам жана эреже бардыгы үчүн бирдей", — деп жазган өкмөт башчы.
Ал ошондой эле төлөгөн айып пулдун сүрөтүн да жарыялаган.
Буга чейин маалымдалгандай "Жарандык кайгуул" коомдук уюму Масимовдун жол эрежесин бузганын айтып, Казакстандын ички иштер министринин атына кат жолдогон.
Казакстандын жол кыймыл эрежесинин 16.1.1 пунктуна ылайык, автомагистралдарда велосипед тебүүгө тыюу салынган.