БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Элдик парламенттин" дагы бир мүчөсү кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Элдик парламенттин" жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында 30-июлда Т.К. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Май айында аталган бирикменин бир катар мүчөлөрүнө бийликти басып алууга даярдыктарды көргөн деген шек менен кылмыш иши козголгон. Шектүү жарандар камакка алынган.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнест Карыбековго карата тергөө иштери аяктай элек болгондуктан дагы эки ай камакка алынган.