БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында 19 жаштагы кыздын сууга чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда саат 11:20лар чамасында катталып, куткаруучуларга маалымат келип түшкөн.
Куткаруучулар көлмөгө баргыча чөгүп кеткен кыз туугандары тарабынан табылып, суудан чыгарылган.
Ошондой эле, 27-июлда Аламүдүн суусуна агып кеткен 44 жаштагы кишини издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.