БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Ысык-Көлдө эс алуу уюштурганын муниципалитет билдирди.
Балдардын биринчи тобу 27-июлда жиберилди. Мындай иш-чараны мэрия "Оберег" коомдук уюму менен биргеликте уюштурууда.
"Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 130 бала эс алып, кум терапиясы, флористика, көлөкө театры куурчактар оюндарын көрүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Балдар үчүн дарылоочу-реабилитациялык иш-чаралар өткөрүлүп, социалдык интеграция үчүн керектүү шарттар түзүлгөн.
Бул иш-чараларды уюштуруу үчүн шаардык бюджеттен 480 миң сом каралган.