БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кийинки жылдын 3-4-март күндөрү "Кыргыздын салттуу кийимдери" аттуу фестиваль өтө турганын "Миң Кыял" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.
Анын айтымында, "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында пландаштырылып жаткан фестивалдын жүрүшүндө улуттук кийимге байланышкан көргөзмөлөр, сынактар уюштурулуп, атайын жүрүш өтөт.
"Иш-чара кыргыз элинин нукура, салттуу кийимдерин жандандырууну, кийим-кечеге байланыштуу өнөр ыкмаларын өнүктүрүүнү көздөйт", — деди Асангулова.
Фестивалдын жалпы программасы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында жарыяланмакчы.