БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Оштун Төлөйкан айылындагы Ак-Буура дарыясы эки адамдын өмүрүн алгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 25-июль күнү саат 11.54 чамасында "Жеткинчек" балдар лагеринин жанынан аталган сууга эки аял сууга агып кеткен.
Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары аялдардын денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.