БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев көчө футболу боюнча өткөн дүйнө чемпиондугунда II орунду ээлеген кыргызстандык кыздардын курама командасын кабыл алат.
Спортчу кыздар баштапкы он оюндун тогузунда мөрөйгө жетип, бирөөсүндө жеңилип калган.
Чейрек финалда кыргызстандыктар 9:2 эсебинде Индиянын курама командасын уткан. Ал эми жарым финалда Шотландиялык атаандаштары менен беттешип, аларды 8:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми финалда кыргызстандыктар Мексика командасы менен беттешип, 5:0 эсебинде утулуп калган.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мамлекет башчысы Атамбаев эртең футболчу кыздарды кабыл алары белгилүү болду. Бул маалыматты президенттин аппаратынан тастыкташып, жеңишке жетип, ийгилик жараткан кыздарды мамлекет башчысы жеке өзү куттуктарын айтышты.