БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбор калаадан 14 жаштагы кызды машина коюп кеткенин шаардык тез жардам кызматынан билдиришти.
Чүй проспектиси менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен машина кишини коюп кеткени боюнча билдирүү бейшемби күнү саат 20.12лерде келип түшкөн.
Жаракат алган кыз балдардын шаардык ооруканасына жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, түрдүү жаракаттарды дагы алган.