Эртең өлкө аймагында жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тоолуу аймагы. Архив
Кыргызстандын тоолуу аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында эртең жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөрүн Кыргызгидромет билдирди.

Тоодо жааган жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда 100гө жакын үй сел жууп кетүү коркунучунда турат
Маалыматка ылайык, 22-23-июлда айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Андан улам абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0