БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтар боюнча мыйзам актыларын талкуулоого багытталган конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат" боюнча жаңы мыйзам 2016-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.
"Мамлекеттик кадр кызматы мыйзамды ишке ашыруу үчүн укуктук нормативдик актылардын долбоорун иштеп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Конференцияда документтин долбоору талкууга алынды. Анда өкмөттүн, президенттин жана парламенттин аппаратынан, министрлик жана жергиликтүү органдардан өкүлдөр катышышты.