БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жогорку соттун имаратында бомба бар деген маалымат жалган болуп чыккандыгы тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин милицияга белгисиз жаран уюлдук телефон аркылуу имаратка бомба коюлгандыгы тууралуу маалымдаган. Жогорку соттун имараты курчоого алынып, сапёрлор келген.
Имараттан күдүк жараткан жабдыктар табылбагандыгы тууралуу милициядан кабарлашты. Аймак курчоодон бошотулуп, телефон чалуу фактысы изилденип жатат.