БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Сулайман-Тоонун жанынан жашы жете элек баланын телефонун тартып алып, чолок шымын чечип кеткен бейбаш кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Окуя Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде кечки сегиздерге чукул болгон. Милицияга жабырланган баланын агасы арыз менен кайрылган. Ыкчам-издөө иштеринен улам, ал бейбаш табылды", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Кармалган бала 19 жаштагы Кара-Суу районун жашоочусу болуп чыккан.
Аталган факты боюнча Кылмыш Кодексинин 167-беренесинин негизинде иш козголгон.