00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Максимальный репост
08:40
20 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
Кибергигиена: как защитить себя от интернет-мошенников и уберечь детей от опасной информации?
06:05
35 мин
Максимальный репост
On air
06:40
20 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жоготуп алуу алдында турабыз. Кантип алдын алуу керек?
07:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Утро хорошего дня
Как швейная индустрия Кыргызстана завоевывает рынок ЕАЭС?
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Өлкөдө Россиянын М.Горький атындагы адабий интитутунун моделинде жазуучулар курсу ачылды
09:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
"Үлүштүк курулуш" турак жай каржылоо механизми кандай жеңилдиктерди берет?
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек таксисттерге карата талаптарды күчөтүүнү көздөөдө — эмне өзгөрөт?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Аячы” фильми зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндердин үнүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сот: Бүбү Мариямдын "Айкөл Манас" китеби экстремисттик маанайда деп таанылды

Жазылуу
Анткен менен сот чечимине макул болбогон экинчи тарап бул чечимдин үстүнөн облустук сотко арыздануу ниетинде.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бүбү Мариямдын авторлугу астында жазылган он томдук "Айкөл Манас" китеби Жумгал райондук соту тарабынан экстремистик маанайдагы китеп деп таанылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын облустук сотунун маалымат кызматынын жетекчиси Барктабас Белеков билдирди.

Сахнадагы манасчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт
Буга чейин келип түшкөн арыздардын негизинде аталган 10 томдук филологиялык экспертизадан өткөрүлгөн.

Курамы жети адамдан турган экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы китеп "улуттун кадыр-баркын кемсинтип, тарыхый фактыларды бурмалаган" деп табылган. Мындан сырткары китеп "диндер жана улуттар аралык касташууну тутантышы мүмкүн" деп белгиленген.

Жумгал райондук соту ишти кароого алып, Кылмыш жаза процесстик кодексинин 10, 60, жана 197-беренелери боюнча китепти экстремистик маанайда деп тапты.

Бүбү Мариям менен байланышууга мүмкүндүк болбогондуктан

"Айкөл Манас" китеби чыгарылган басмакананын жетекчиси Жумадин Кадыров менен байланышканыбызда аталган китеп 3400 нускада чыгарылганын айтты.

"Биз райондук соттун чечими менен макул эмеспиз. Ошондуктан Нарын облустук сотуна арыз жазганбыз. Жакынкы күндөрү Нарын шаарында отурум өтөт", — деди Кадыров.

Ал жакынкы күндөрү маселе боюнча кеңири маалымат берилерин кошумчалады.

Бүбү Мариямдын 10 томдук китеби 1995-жылдан тарта чыга баштаган. Аталган китеп жарык көргөндөн кийин кыргыз коомчулугунда "Манас" эпосун бир нече жылдардан бери изилдеп келе жаткан манас таануучулар, окумуштуулар, адабиятчылар өздөрүнүн ар кыл пикирлерин билдиришкен. Алар китеп "Манастын"классикалык варианттарына туура келбестигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0