БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бекболот Алиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бекболот Алиевди өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басарлыгына дайындаган буйрукка кол койду", — деп маалымат кызматы билдирди.
Ал эми буга чейин аталган кызматта иштеп келген Азаматбек Абдыбеков премьердин буйругу менен бүгүн бошотолду.