БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу токтомго кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Халмурзаев буга чейин Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп иштеген.
Баткен дубанынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Разаков июнь айынын аягында чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка дайындалган.