АКШдагы НАСАнын фонду каржылаган долбоор Нарын, Ат-Башыны изилдеп баштады

Жазылуу
Маалыматта долбоор Кыргызстандын Эл аралык университетинин илимий кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп үч жылга созулаары айтылат.

БИШКЕК, 12-июль. — Sputnik. АКШдагы НАСАнын фонду тарабынан каржыланган долбоор Нарын облусунун бийик тоолуу Нарын жана Ат-Башы райондорундагы климаттык өзгөрүүлөр жана анын элге таасир бериши боюнча изилдөөлөрүн баштады. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

"Өкмөтүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Кыргызстан Эл аралык университетинин жана АКШ университеттеринин илимий делегациясы менен жолукту. Делегация жетекчилери Жеоффри Хенебери, Куанчинг Чы Нарын, Ат-Башы райондорундагы климаттык өзгөрүүлөр жана анын элге таасир бериши боюнча изилдөөлөр башталып жатканын айтышты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Окутуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында ачыла турган эл аралык университет кызматкерлерди караштырып жатат
Делегациянын жетекчиси, долбоордун илимий координатору жана АКШнын Түштүк Дакота мамлекеттик университетинин Геомейкиндик илиминин айырмачылыгы борборунун директору Жеоффри Хенебери, аталган долбоор Американын улуттук космос агенттиги — НАСАнын фонду тарабынан каржыланып жаткандыгын билдирген.

Маалыматта долбоор Кыргызстандын Эл аралык университетинин илимий кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп үч жылга созулаары айтылат.

"Жеоффри Хенеберинин айтымында акыркы 15 жылда Ат-Башы жана Нарын районунун жайыттарындагы өсүмдүктөрдүн өзгөрүүлөрү, тоолордогу кардын эриши космостон сүрөткө түшүрүлгөн. Бирок космостон тартылган сүрөттөр аркылуу так маалымат алуу мүмкүн эместигин маалымдап, изилдөөлөрдү жеринде өткөрүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирди", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашууда илимий-изилдөө борбору иштей баштады
Ал эми экинчи долбоорду Пенсильвания мамлекеттик университетинин профессору Куанчинг Чы ишке ашырат. Профессор Ат-Башы районунун тургундарынын экономикалык абалы, миграциясы жана акча которуулары боюнча социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Салыштыруу ишин жүргүзүү үчүн бул долбоор Ош облусунда дагы өткөрүлөөрүн кошумчалады.

Аманбай Кайыпов илимий делегация тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр өзүнүн жыйынтыктарын берет деген ишеничин жана жергиликтүү бийлик тарабынан изилдөө иштерине тиешелүү жардамдар берилип, көзөмөлгө алынаарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0