БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кемин районундагы жол кырсыктан улам бир адам каза тапкандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка карганда 10-июль күнү саат 19.55 чамасында Ак-Бекет айылында эки унаа кагышкан.
"Кырсыктын айынан бир адам каза таап, эки адам оор жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМдин куткаруучулары окуя болгон жерге барып, каза болгон жана жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.