Эртең Кыргызстандын айрым аймактарында күн жаайт

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAТоодо жааган жамгыр. Архив
Тоодо жааган жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет 8-10-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталарын белгилейт.

БИШКЕК, 7-июл.— Sputnik. Эртең, 8-июль күнү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда күндүз жаан жааса, калган аймактарда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус болсо, күндүз 29…31 градуска жетет. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 15…17 градус жылуу болсо, күндүз күн 31…33 градуска чейин ысыйт.

Кыргызгидромет 8-10-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталарын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0