БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууга чакыруу алды. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда жолугушуунун датасы 14-июлга белгиленген.
"Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Шольц муфтий Максатбек ажы Токтомушевди Ангела Меркель менен жолугушууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.
"Этникалар аралык мамилелер" аталышындагы жыйналышка өлкө муфтийи, серепчилер жана диаспора өкүлдөрү чакырылган. Анда диний темадагы маселелер талкууланат.
Аазирети муфтий жыйынга катыша турганын билдирген.