Ала-Букада "Жигули" уурдагандар кармалды

Жазылуу
Уурулар кайгуул милициясы тарабынан колго түшүп, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында 66 жаштагы тургундун "Жигули" унаасын уурдаган эки киши изи сууй электе кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

5-июлдун түнүндө Ала-Бука айылында белгисиз бирөөлөр үйдүн алдында токтоп турган "ВАЗ 2106" үлгүсүндөгү унааны айдап кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган автомашина Көлмө аймагынан дөңгөлөктөрү жарылган абалда табылган.

Кайгуул милициясы бул ишке тийиштиги бар деген шек менен Жалал-Абад облусунун эки тургунун кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0