БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин 25 жылдыгына карата 7-8-июлга белгиленди.
"Жыйынга Азербайжан, Армения, Россия, Беларуссия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын туризм министрлеринин орун басарлары катышат", — деп айтылат маалыматта.
КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңеши аталган багытта кызматташуу максатында 1993-жылдын 23-декабрында түзүлгөн.