БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы Дамаш айылында Volkswagen үлгүсүндөгү жеңил автоунаа жолдон чыгып турак үйдүн бастырмасын, жогорку чыңалуудагы электр карагайын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен 27 жаштагы айдоочунун бели сынып, жанындагы жүргүнчүнүн кабыргасы сынган. Өрт өчүрүүчүлөр барганча жолдо өтүп бара жаткан автоунаа менен ооруканага алып кетишкен.
Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы автоунаанын кыймылдаткычы күйгөндөн улам болгон.