БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Оштун Алай районунда "Бүлөлү" дарыясына кулап кеткен Audi үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги ээси Бактыбек Өмүровдун каза болгонун ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, кырсык 2016-жылдын 22-июнунда болгон. Ал жерге келген куткаруучулар бактардан көпүрө жасап, унаага жеткени менен анын эшигин ача албай коюшкан. Туурасы болжол менен 25-30 метр, тереңдиги 3 метр болгон дарыянын катуу агымынан жана ылайдан улам машинанын ичинде адамдардын бар-жогу билинген эмес.
Кечээ таңдан баштап куткаруу иштери жанданып, машинаны 43 жаштагы ээси Бактыбек Өмүров айдап бара жатканы аныкталган. Эртең мененки саат 8.40та айдоочунун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.