БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн өрттөнүшүнөн каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 23-июнь күнү саат 20.30да 12 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, болжол менен 3000 чарчы метр аянттагы чатыры, пентхаустагы батирлер күйүп кеткен.
"Жалынды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, 24-июнда таңкы саат 3.30да өрт толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Жакын жайгашкан үйлөрдөгү жашоочулар кырсык учурунда эвакуацияланган. ӨКМ өрттөн каза болгондор катталбаганын, учурда батирлердин ээлери жана өрттүн себептери такталып жатканын белгиледи.