БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Белгилүү музыкалык продюсер Баян Есентаева ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Новости — Казахстан агенттиги билдирди.
Эскерте кетсек, Есентаева 10-июнь күнү бычакталып, Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. Ага кылмыш жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси боюнча айып коюлуп, кийинчерээк ал "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесине өзгөргөн. Ал эми буга чейин Есентаеванын ооруканада жаткан жеринен белгисиздер тарабынан тартылып алынган сүрөтү соцтармактарга жайылып кеткен.
"Есентаева бүгүн ооруканадан чыкты. Абалы туруктуу. Мындан аркы дарылануусун үйүнөн уланта берсе болот", — деп айтылат маалыматта.
42 жаштагы Баян Есентаева — продюсер, Shine Production компаниясынын жетекчиси, теле алып баруучу, актриса, ырчы, журналист. 2006-жылдан тарта казакстандык музыкалык топторго продюсерлик кылып, 2010-жылдан баштап тасмага тартыла баштаган.