БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги белгилүү музыкалык продюсер Баян Есентаеванын ооруканадагы сүрөтүнүн социалдык тармактарга тарап кетишин иликтейт. Бул тууралуу ИИМ башчысы Калмуханбет Касымовго таянуу менен Новости-Казакстан агенттиги жазып чыкты.
"Албетте, биз окуяны териштирип жатабыз. Иликтөө аягына чейин жүрөт", — деди Касымов.
Буга чейин продюсердин бир тууганы Багым Мухитденова реанимацияда жаткан Есентаеваны жайына коюуну өтүнгөн.
"Учурда Баян ооруканада жатат. Ал силердин чабуулуңарга, сүрөттөрүн интернетке киргизип жатканыңарга жооп кайтара албайт. Анын ооруп жаткан сүрөтүн маданияты төмөн, тарбиясыз медайым интернетке киргизип коюптур. Ал сөзсүз жазасын алат", — деп жазат Мухитденова өз кайрылуусунда.
42 жаштагы Баян Есентаева — продюсер, Shine Production компаниясынын жетекчиси, теле алып баруучу, актриса, ырчы, журналист. 2006-жылдан тарта казакстандык музыкалык топторго продюсерлик кылып, 2010-жылдан баштап тасмага тартыла баштаган.
20 жашында Бакытбек Есентаевге турмушка чыккан. Эки кызы бар.