БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда талапка жооп бербеген 10 пансионат атайын токтом менен жабылганын Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаары жана Ысык-Көл, Тоң району боюнча башкармалыгынын башчысы Талантбек Борочоров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын карамагында 155 эс алуу жайы бар.
"Бул пансионаттар экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мыйзамдын талаптарын аткарышкан эмес. Ошондуктан алар жабылды. Бул эс алуу жайлары биз көрсөткөн кемчиликтерди аткаргандан кийин гана иштеп баштай алат. Эгер өзүм билемдик менен ишин уланта турган болсо, укук коргоо органдарына кайрылабыз. Сөзсүз жаза колдонулат", — деди Борочоров.
Ал ошондой эле мыйзамдын талаптарына жооп бербеген пансионаттарга алдын ала эскертүү берилип, көрсөтүлгөн талаптарды 30 күн ичинде аткарышы керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле СССР убагынан калган эски имараттары бар эс алуу жайларынын авариялык абалы катуу текшерилип жатканын билдирди.
Борочоров Ысык-Көлдөгү пансионаттар эс алуучуларды кабыл алууга жыл бою даярдык көрүп, мамэкотехинспекциянын план тапшырмасын аткарышы зарылдыгын айтат.
Учурда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын бузган пансионаттарды аныктоо иштери улантылып жатат.
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын атайын токтому менен жабылган пансионаттардын арасында Казакстанга тиешелүү үч эс алуу жайы бар.
- Ак Жол, Кош-Көл айылы
- Кооператор, Чок-Тал айылы
- Самал, Бостери айылы (Казакстан)
- "Манас" аэропортунун пансионаты, Бостери айылы
- Махеня жеке ишканасы, Бостери айылы
- Алмаз жээк, Бостери
- Олимп, Корумду айылы (Казакстан)
- Алтын Трэбас, Кош-Көл айылы
- Кыргыз таңы, Кош-Көл айылы
- Атырау, Кош-Көл айылы (Казакстан).